Бишкектик окуучу так илимдер боюнча Бакуда өткөн эл аралык олимпиадада коло медалды жеңип алды

19.12.2018

Жаштар арасында (16 жашка чейин) “Таланттарды даярдоочу лаборатория” Эл аралык олимпиадасы 2018-жылдын 10-15-декабрында Бакуда болуп өттү. Олимпиада үч предмет боюнча: математика, физика жана химиядан болду.

Катышуучу өлкөлөр: Кыргызстан, Орусия, Грузия, Беларусь, Эстония, Өзбекистан, Түркмөнистан, Казакстан жана Тажикстан.

Кыргызстандан №61 мектеп-лицейдин окуучулары:  Бектур Конушбаев, Мурат Сатыбалдиев жана Михаил Цой катышышты.

Олимпиаданын жыйынтыгында Бектур Конушбаев коло медалды утуп алды.