Бишкек шаарында Август педагогикалык кеңешмеси өттү

17.08.2018

Бүгүн, 17-августта Бишкек шаарында Август педагогикалык кеңешмеси вице-премьер-министр Алтынай Омурбекованын, КР билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын, КР билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлеринин, билим берүү системасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, КР билим берүү жана илим министрлигинин  Коомдук кеңешинин өкүлдөрүнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

КР билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өз баяндамасында 2040 милдеттеринин алкагында  билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү стратегиялык багыттарга кеңири токтолуп кетти.

Ошондой эле, катышуучулар билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын бүгүнкү күндөгү абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маалымат алышты.  Мындан тышкары билим берүү уюмдарын аккредитациядан өткөрүү, көп тилдүү билим берүү, китеп менен камсыздоо жана мектептердин базасында мугалимдерди даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча маселелер тегерегинде талкуулар жүрдү.

Катышуучуларды жаңы муундун китептери, санариптик жана ачык билим берүү ресурстары, мектептерде тамак-ашты уюштурууну жакшыртуу программасы  менен тааныштырышты.