Билим берүү жана илим министрлиги: Мектептердин 67% Интернет менен камсыз болду
13.08.2018
КР Билим берүү жана илим министрлиги республиканын мектептеринде санариптик билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымдайт. 2017-2018-окуу жылында Интернет менен мектептердин 67% камсыз болгон, ошондой эле 249 мектеп үчүн 1304 компьютер сатылып алынган.
Билим берүү системасын санариптештирүүнүн алкагында төмөнкүлөр түзүлдү:
- 1-4 класстан тартып балдарга кошумча билим берүү үчүн iBilim – платформасы жана 5-9 класстардын окуучулары үчүн - Билим Булагы;
- Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын платформасында мектептердин мугалимдеринин айлык акысынын автоматтык түрдө эсептөө үчүн “Ачык бюджет” программасы;
Ачык түрдө окуу китептерин жүктөп алууга мүмкүн болгон Lib.kg платформасы жана Кирлибнет – Кыргыз Республикасынын академиялык китепканаларынын электрондук тармагы платформалары иш алып барууда.