Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде күзгү каникулдун даталарын маалымдайт

03.10.2018

Ведомстводо маалымдагандай, Кыргызстандагы бардык мектептерде күзгү каникул 5 ноябрда башталып 12 ноябрга чейин уланат. Жалпысынан мектеп окуучулары күзгү каникулда быйылкы окуу жылында сегиз күн эс алышат.