Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектептерди 100% Интернет менен камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүүдө

24.09.2018

Ведомствонун маалыматына ылайык, азыркы учурда мектептерди бүткүл дүйнөлүк желеге туташтыруу 67%ды түзөт.

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасына ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттиги менен биргеликте өлкөдөгү мектептерди 100% Интернет менен камсыз калуу боюнча иш жүргүзүүдө.

Окуу жылдын аягына чейин калган 693 мектепте Интернет жеткиликтүү болору күтүлүүдө.

Ведомстводон аталган иштин маанилүү экендигин белгилешет, анткени ушул жылдын сентябрь айынан баштап Кыргызстандагы окуучулар менен мугалимдер биринчи жолу кошумча билим берүү ресурсу катары эки мультимедиалык комплекс алышты.

Ошондой эле, ушул жылдан тарта мугалимдерге онлайн түрүндө квалификациясын жогорулатууга жана кайрадан даярдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөт.