Билим берүү жана илим министрлиги: Кыргызстанда 61-Эл аралык алтаистикалык конференция өткөрүлдү

30.08.2018

2018-жылдын 27-августунан 30-августуна чейин Кыргызстанда 61-Эл аралык алтаистикалык конференция өттү (Permanent International Altaistic Conference - PIAC).

Иш-чара III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы илимий бөлүгүндө болду. PIAC – ар кайсыл өлкөнүн алтаист-окумуштууларынын башын бириктирген салттуу илимий аянтча. Чыгыштаануучулардын Мюнхенде өткөн Эл аралык 21-конгрессинде PIACты түзүүнү демилгелеп, 1957-жылы 4-сентябрда түзүлгөн.

Академиялык чөйрөдө белгилүү болгон PIAC конференциясы Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлдү, жергиликтүү окумуштууларга дүйнөгө таанымал окумуштуулар менен жолугууга, чет өлкөлүк изилдөөчүлөрдүн баяндамаларын угууга уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бишкекте өткөн 61-Эл аралык алтаистикалык конференцияда 150дөн ашык окумуштуулар катышты, алардын ичинен 80 – Венгриядан, Германиядан, Кытайдан, Кореядан, Кыргызстандан, Монголоиядан, Польшадан, Россиядан, Румыниядан, Словакиядан, АКШдан, Турциядан, Франциядан, Япониядан жана башка дүйнө өлкөлөрүнөн.  

Конференциянын катышуучулары III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышышат.