Билим берүү жана илим министрлиги: Багыты боюнча колдонулбаган 209 бала бакчалардын имараттары кайтарылды

16.08.2018

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, акыркы жылдары багыты боюнча колдонулбаган 209 бала бакчалардын имараттары кайрадан өз багыты боюнча колдонулуп жатат.

Бюджеттин каражаттары жетишсиз болгон шартта мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу үчүн Министрлик балдарга мектепке чейинки билим берүүнү уюштуруунун жаңы форматтарын издөөнүн үстүндө үзгүлтүксүз иштөөдө.

Былтыркы жылдын ийгиликтүү долбоорлорунун бири деп Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен барууга кыйын болгон райондордун алыскы айылдарында 10 000 баланы камтуу менен үч сааттык кыска мөөнөттүү 120 бала бакча ачылып, алар үчүн 310 трабиячы окутулгандыгын айтсак болот.

Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмдарынын жайларын оптимизациялоонун натыйжасында учурда мектеп алдында 7358 баланы камтуу менен 100 бала бакча иш алып барууда.