Билим берүү жана илим министрлиги: 2018 жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 24% түздү

07.08.2018

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы 2%га жогорулаган жана 24% түзүүдө. Бүгүнкү күндө 1390 бала бакчада 187 миң бала тарбияланууда. Анын ичинде – 1248 мамлекеттик жана муниципалдык бала бакча жана 142 жеке бала бакча.

Министрликте белгилегендей,  мектепке чейинки курактагы балдардын саны өсүүдө. Акыркы 5 жылда 2 жаштан 6 жашка чейинки балдардын саны дээрлик 190 миңге көбөйүп 779 миңге жетти.

Бала бакчаларга электрондук кезек иштелип чыккан жана Бишкек шаарында киргизилген. Электрондук кезек программасынын негизги максаты – балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмуна кабыл алуу үчүн ачык-айкын жана бирдей шарт түзүүнү камсыз кылуу жана коррупцияны жокко чыгаруу.

Ошондой эле, 2017-2018-окуу жылы үчүн мектепке даярдоо программасы менен мектепке чейинки билим берүү уюмуна барбаган 116 миң бала камтылып, 5,5-7 жаштагы балдардын 100% түздү.