Билим берүү жана илим министрлиги: 1 сентябрда республиканын бардык мектептеринде Билим күнү белгиленет

03.08.2018

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жаңы Базистик окуу планына ылайык, 2018-2019 окуу жылы 1 сентябрдан 25 майга чейин уланат.

Жаңы окуу жылында мектептер беш күндүк окуу жумалыгына өткөндүгүнө байланыштуу, 1 сентябрда өлкөнүн бардык мектептеринде салтанаттуу линейка жана Региондорду өнүктүрүү жылына, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган класстык сааттар өткөрүлөт.

Иш-чаралар саат 10:00 башталып, 11:00 аяктайт.

Мектеп окуучулары окууга 4 сентябрдан баштап чыгышат.