Stipendium Hungaricum 2019-2020 жылына катышуу

Stipendium Hungaricum Scholarship Programme Стипендиялык программасына 2019-2020 жылына катышуу үчүн документтерди кабыл алуу иштери башталды

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Социалдык ресурстар министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуусуна (2006-жылдын 21-сентябры) ылайык, венгр тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандары Венгриянын жождорунда венгр же англис тилинде окуу үчүн гранттар берилет (бакалавриат, магистратура, докторантура программалары).

Аталган гранттар венгр өкмөттүк стипендиялык Stipendium Hungaricum Scholarship Program программасынын негизинде бөлүнөт. Стипендиялык программанын башкаруусун Темпус Коомдук Фонду аткарат.

Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкү багыттарга тапшыра алышат:

  • Бакалавриат программалары – айыл чарба, коомдук илимдер, маалыматтык технологиялар, экономикалык илимдер, инженерия, табигый илимдер, спорт илимдер жана мамлекеттик кызмат илимдер.
  • Магистратура программалары – айыл чарба, коомдук илимдер, маалыматтык технологиялар, экономикалык илимдер, инженерия, табигый илимдер, спорт илимдер жана мамлекеттик кызмат илимдер.
  • Докторантура программалары – бардык багыттар.

Тапшырганга мүмкүн болгон жождордун жана окуу программаларынын тизмеси менен Стипендиялык программасынын сайтында, Study finder (Окуу программаларын издөө) бөлүмүндө таанышууга болот: http://studyinhungary.hu/study-in- hungary/menu/find-a- study-programme/study- finder.html

Венгр тарабы төмөнкү шарттар менен камсыз кылат:

  • Акысыз окуу
  • Бардык окуу мөөнөтүнө берилген айлык стипендия: бакалавриат жана магистратура программаларынын студенттери үчүн 40 460 форинт, докторантура программаларынын студенттери үчүн 140 000 форинт.
  • Жождордун жатаканасы, же турак жайды ижарага алууга көмөк (40 000 форинтке чейин).
  • Медикалык камыздандыруу.

Stipendium Hungaricum программасы боюнча маалымат, ошондой эле документтерге талаптары, өтүнмөлөрдү тапшыруу мөөнөттөрү жана тандоо процедуралары жөнүндөгү маалымат Темпус Коомдук Фондунун сайтында www.stipendiumhungaricum.hu  жайгаштырылган.

Конкурстук тандоо үч этапта өтөт:

1. Талапкерлерди программанын системасында каттоо

Талапкерлер Темпус Коомдук фондунун Stipendium Hungaricum программасынын онлайн системасында 2019-жылдын 15-январына чейин каттоодон өтүш керек. Программага катышуу үчүн https://apply.stipendiumhungaricum.hu/ онлайн-системасынын каттоодон өтүп, формаларын толтуруп, бардык талап кылынган документтерди жүктөгөнгө зарыл. Эскертүү: толук эмес өтүнмөлөр автоматикалык түрүндө кабыл алынбайт.


Ошондой эле, венгр тарабынын эрежелерине ылайык, 2001-жылдын 31-августунан кийин төрөлгөн тарапкерлер конкурска катышууга мүмкүн эмес! Башкача айтканда, 2019-жылдын 31-августунда талапкерлер 18 жашка толуш керек.

2019-жылдын январь айынын экинчи жарымында Темпус Коомдук фонду бардык келип түшкөн өтүнмөлөрдүн техникалык текшерүүсүн өткөрөт. Текшерүүдөн өткөн талапкерлерин тизмесин КРнын ББИМине жөнөтөт.

2. Документтерди тапшыруу жана Кыргыз тарабынан өткөргөн алдын-ала тандоо

Талапкерлер документтерин 2019-жылдын 1-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине тапшырууга зарыл.

Эскертүү: Онлайн-системасында катталган, бирок КРнын ББИМине документтерин тапшырбаган талапкерлер конкурстук тандоого катышууга жол берилбейт.

Талап кылынган документтер:

  • Арыз
  • Талапкердин анкетасы
  • Резюме
  • Паспорттун көчүрмөсү
  • Окуу жайынын тарабынан тастыкталган окуу жетишкендиктери жөнүндөгү көчүрмөсү (транскрипт)
  • Англис тилин билүү денгээли жөнүндөгү тастыктама (TOEFL, IELTS)
  • Үй-бүлөнүн курамы жөнүндөгү маалымкат
  • Тастыктамалар, дипломдор, ардак грамоталар, макалалар жана илимий басылмалар (магистратура жана докторантура программаларынын талапкерлери үчүн), жана башка талапкерлердин жетишкендиктери жөнүндөгү документтер.
  • 086 медициналык маалымкат 
  • ВИЧ СПИД жоктугу тууралуу маалымкат 

Тапшыра турган документтерди жогоруда көрсөтүлгөн иретинде файлдык папкага чогултуу зарыл.

Талапкерлер документтерин төмөнкү дареги боюнча тапшыра алышат: Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек ш., Тыныстанов көч., 257, 220-бөл. (Эл аралык кызматташтык бөлүмү). Телефону: 0 (312) 62 15 19.

Stipendium Hungaricum программанын онлайн-системасында катталган, ошондой эле КРнын ББИМине өз убагында документтердин толук тизмесин тапшырган талапкерлер конкурстук тандоого (алдын-ала тандоо) катышат:

  1. Бакалавриат программалары үчүн – тестирлөө (тандалган багытына ылайык) жана англис тилинде эссе жазуу.
  2. Магистратура жана докторантура программалары үчүн - англис тилинде эссе жазуу жана аңгемелешүү.

Конкурстук комиссиянын курамына көз карандысыз эксперттер, жарандык коомдун, илимий-чөйрөсүнүн, КРнын ББИМинин Коомдук кенешинин өкүлдөрү жана башкалар кирет.

3. Венгр тарабынан өткөргөн тандоо жана стипендияларды берүү жөнүндө акыркы чечимин кабыл алуу

Кыргыз тарабынан сунушталган талапкерлердин, ошондой эле резервдин талапкерлердин санынан тандоо Вегриянын жождору өткөрөт.

Тандалган талапкерлерге стипендияларды берүү жөнүндө акыркы чечимин Темпус Коомдук фонду кабыл алат.

Жүктөп алуу: