PhD программалары боюнча окуу стипендиялары

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, Ислам Өнүктүрүү Банкы 2018-2019-окуу жылына PhD программалары боюнча окууга стипендияларды жарыялайт.

  1. ИӨБынын стипендиясы акысыз окууну, бирдиктүү статустун негизинде берилүүчү жөлөкпулду, медициналык камсызданырууну жана учак чыгымдарын камтыйт.
  2. Талапкерлер өнүккөн өлкөлөрдүн же Ислам Кызматташтык Уюмунун мүчө-мамлекеттеринин белгилүү окуу жайларына кабыл алынгандыгы туралуу тастыктама бериши керек. Артыкчылык ИӨБ менен кызматташуу боюнча келишим түзгөн унивеситеттерге кабыл алынган PhD боюнча кандидаттарга берилет. Мисалы, Кембридж унивеситети, Бирмингем унивеситети, Лондондогу Мария ханышасынын  университети, Копенгаген университети, Принстон унивеситети, Сауд Арабиясынын техникалык изилдөө унивеситети (KAUST), МакГилл унивеситети жана башка окуу жайлар.
  3. Конкурска катышуу үчүн талаптар тууралуу маалыматты,  программанын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө жана арыздарды толтуруу эрежелерин бул сайттан тапса болот: www.isdb.org.  Талапкерлер арыз формасын толтуруп, бардык керектүү документтерди 2018-жылдын 28 февралына чейин тапшыруусу зарыл.