Хазар университети билим алууга чакырат

Кыргыз Республиканын Тышкы иштер министирлигинин маалыматы боюнча Азербайжан Республикасынын жеке менчик Хазар университетинин (МСПХУ) эл аралык стипендиялык программасына документтерди кабыл алуу иштери башталгандыгы жөнүндө билдирет.

Хазар университети эл аралык окуу программаларын англис тилинде жүргүзгөн Түштүк Кавказда биринчи жеке менчик университет болуп саналат. Бул стипендия программасында ар бир өлкөдөн 2 адамга орун берилет. Хазар университетине  документтер  2018-жылдын  15-апрелине  чейин кабыл алынат.

Кененирээк маалымат университеттин төмөнкү сайтында жайгашкан:  

http://www.khazar.org/en/menus/495/international_admissions