Мугалимдерди аттестациялоо

        Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы мугалимдерди атестациялоо

Урматтуу мугалимдер, Сиздерди аттестациядан өткөрүүнүн (жыл ичинде) узакка созулган долбоорунун эрежесин, процедурасын талкуулоо чечими,  ошондой эле, КРӨнүн тиешелүү чечимдерин кабыл алгандан кийин, КРнын ББИМи агартуучулардын коомчулугунан аттестацияны кантип өткөрүү керек экендиги тууралуу бир нече суроолорду алды.

 Бардык суроолорго билим берүүчү тармакты жөнгө салып туруучу укуктук-ченемдик актылар жана КРӨнүн 2016-жылдын 11-августундагы №430-токтому менен бекитилген, “КРнын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн  тартиби тууралуу Жобого” ылайык жоопторду тапсак болот.

Төмөндө аттестация алдында мугалимдерге пайдасы тийчү же аттестациялоо учурунда бериле турган орчундуу суроолордун жооптору берилди.

 

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу 2016-жылдын 11-августундагы №439 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому

Кыргыз республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдерин квалификациялык категорияларына карата талаптарды бекитүү жөнүндө 2016-жылдын 30-августундагы №143 буйрук

* Кыргыз Республикасындагы жалпы билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлерин аттестациялоо боюнча аттестациялык комиссия үчүн колдонмо

* Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери үчүн аттестациядан өтүү боюнча колдонмо

 

Мугалимдерди аттестациялоо учурунда бериле турган орчундуу суроолор

 

Суроолор

Жооптор

  1.  

Мугалимдерди аттестациялоо  деген эмне?

Аттестация-бул мугалимдин кесиптик-компоненттик  деңгээлин аттестациялык   комиссия тарабынан баалоо.

2.

Аттестациянын максаты

Мугалимдерди аттес тациялоо-баарынан мурда мугалимдердин кесиптик деңгээлинин өсүшүнө дем-күч берүүгө, билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө, багытталган. Мугалимдерди колдоо жана кошумча мотивизциядан тышкары, алардын кийинки ишине тирек болчу жалпы кесиптик даражасы, педагогикалык чеберчилиги аныкталат. Аттестациянын жыйынтыгы менен мугалимдер кесиптик категория алган соң, мектептеги кадрдык  өсүү сапаты такталат.

3.

Аттестация кайсы компоненттен турат? Аттестациянын жыйынтыгы менен ыйгарылган кесиптик категориянын негизи эмнеде?

Аттестациянын тыянагы менен кесиптик категорияны ыйгаруунун негизи-тестрилөөнүн жыйынтыгы, портфолио экспертизасы, сабакка жүргүзүлгөн байкоо, интервью-маектешүү. Мунун баары кесиптик категориянын талаптарына туура келиши абзел.

Компотенция-сапаттын бири-бирине байланышкан жана өзүн-өзү актоосу (жөндөм. чеберчилик, билим, илим) мугалимдин араккетинин, позициясынын, мүнөздөмөсүнүн   динамикалык ыкмасы, компотенцияны баалоо инструменти.

-Тестирлөө-билим жаатындагы мугамыйзамдуулукту, психологияны, педагогиканы, сабак берүнүн усулун тастыктайт.

-Портфолио-мугалимди бардык тараптан кесиптик жетишкендигин айгинелейт.

Сабакка байкоо жүргүзүү- билим жаатындагы мыйзамдуулукту, психологияны, педагогиканы, сабак берүнүн усулун, предметтик жактан көптү билүүнү талап кылат.

Интервью-маек Мугалимдин өзүн-өзү талдай,  баалай билүүсү, дагы башка түрү (коммуникабелдүүлүк, чыгармачылык, маданий-социологиялык).

 

4.

Аттестациянын какндай түрү болуш керек?

Аттестация эки түргө бөлүнөт:

-кезектеги, беш жылда бир жолу өткөүлөт;

-кезексиз, ыктыярдуу түрдө, мөөнөтүнөн мурда өтүлөт.

5.

”Кезектеги” аттестация өзүнө эмнени камтыйт?

Кезектеги аттестация-аттестациялык комиссия тарабынан беш жылда бир жолу мугалимдин кесиптик компотентүүлүгүн комплекстүү баалоо процедурасы.

6.

”Кезексиз” аттестация өзүнө эмнени камтыйт?

Кезексиз аттстация-кесиптик Талаптардын категориясына туура келген, анын алдыга өсүшүнө тирек болчу, мугалимдин кесиптик катергориясы, татыктуу динамикасы боюнча кийинки аттестациядан өтүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Кезксиз аттестациядан өтүү-кезектег аттестация өткөндөн соң, эки жылдан кийин аттестациядан өтүүчүнүн берген жеке арызынын негизинде ишке ашат.

7.

Аттестациядан өтүүдө мугалимдин алгачкы кадамы кандай болуусу керек?

Мугалимдин алгоритмдик алгачкы кадамы:

1-кадамы-Өзүн-өзү баалоо бакарчасын толиурат;

2-кадамы-мугалимдерди аттестациядан өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобонун 36-пунктуна ылайык, аттестациялык комиссияга документтерднн пакетин тапшыра;

3-кадаы-тестирлөөдөн өтөт;

4-кадамы-босого баллынан жогору балл алса, кийинки аттестациялык процедурадан отүү (аттестациялык комиссия мугалимдин сабагына катышат, мугалим менен маектешет).

 

8.

Аттестациядан өтүү мугалимдер үчүн милдеттүбү же ыктыярдуубу? Балким, мугалим бул жылы аттестациядан өтүүдөң баш тартат?

КРӨнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541-токтому менен бекитилген, жалпы билим берүүчү уюмдардын Бир типтүү Жобосунун 55-пунктуна ылайык, (КРӨнүн 2013-жылдын, 2-октябрындагы №544-токтомунун, 2014-жылдын 17-сентябрындагы №535-токомунун редакциясы) “-...КРнын Мыйзамына ылайык, мугалим аттестациядан өз ыктыяры менен өтүүгө укуктуу... ” Бул жылы мугалимдердин ыктыярдуу укугун эске алуу менен алардын баары эле  аттестациядан өтө беришпейт. Бирок, эгерде, мугалим ыктыярдуу түрдө аттестациядан өтүүнү пландаштырса, анда ал беш аралыгында оюн ишке ашырганга акылуу.

9.

Аттестация кайсы учурда өтүшү керек, баардык каалоочулар өз категориясын ала алышабы?

КРӨнүн чечими менен аттестациянын убактысы 20-октябрдан 20-апрелге чейин деп жарыяланган, бул мөөнөт (салттуу) аттестациялоо учуруа шайкеш келет.

10.

Аттестациядан өтүү, категория алуу тууралуу кайдан толук кандуу окуса болот? Мугалимдер үчүн усулдук-эреже, кеңеш берүүчү процедура барбы?

Аттестация өткөрүүнү обьективдүү, ачык-айкын өткөрүү жана мугалимдерге усулдук, кеңеш берүүнү камсыз  кылуу үчүн КРнын ББИМи “КРдагы билим берүү уюмдарында иштеген педагогикалык кызматкерлер үчүн аттестациядан өткөрүүнү жетекчиликке алууну” иштеп чыкты.

11.

Биздин мектепте аттестация качан өтөөрүн кантип билүүгө болот, кайсы мугалимдер арыз берет?

Жобого ылайык, мектептин директору аттестациялык комиссиянын иштөө убактысын, катышууну каалаган мугалимдердин тизмесин өз буйругу менен бекитет (берген арыздын негизинде).

12.

Бищдин мектепте комиссия кандайча түзүлөт, анын курамына кимдер кирет?

Аттестация өткөрүү үчүнаттес тациялык комиссия түзүлөт, анын курамын жалпы билим берүүчү уюмдун жетекчиси өз буйругу менен 5 жылга бекитет. Аттестациялык комиссиянын санрдык курамы педагогикалык жамаатка жараша болот, жуп эмес числого белгиленип, 7 кишиден турат.

Аттестациялык комиссия- –комиссиянын төрагасынан, төраганын орун басарынан, катчысынан, анын мүчөлөрүнөн турат.

Анын курамына:

-директордун окуу-тарбия боюнча орун басары;

-усулдук бирикмелерден өкүлдөр, төрагалар;

-кесиптик кошуундун орагалары, өкүлдөрү;

-райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн (башкармалыктардын, борборлордун),

мындан тышкары курамга-педагогикалык кесиптик кошуундун, ассоциаициялардын, бирикмелердин, педагогикалык кызматкерлерди кайрадан  даярдоо, кесибин жогорулатунун  Республикалык борборунун өкүлдөрү, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу  мамлекеттик органдын өкүлдөрү кирет.

13.

Усулдук бирикмеден аттестациялык комиссияга өкүл катары ким кирет?

Мекептин усулдук бирикмесинин курамы предметтик багыттар боюнча дасыккан тажырыйбалуу  мугалимдерден турат. Алардын комиссияга мүчө болуп киргенге акысы бар.

14.

МБЖКДРБдун, РББ өкүлдөрү бир же бир нече комиссиянын ишине катыша алабы?

Ооба, иштеп жаткан Жобо тыюу салбайт. Ансыз деле РББ адистеринин саны мектептеги аттестациялык комиссияга караганда аздык кылат. Бир адис 3-4 аттестациялык комиссиянын ишине катыша алат.

15.

Аттес- тациялык комиссия үчүн усулдук-эреже барбы?

Ооба, бар. АК үчүн КРнын ББИМ мугалимдин компотенциясын баалап, анын жыйынтык баллы менен өзүнчө Жетекчилик иштеп чыккан, анда мугалим тигил же бул кесиптик категорияга катыша алат.

16.

Өзүн-озү  баалоо баракчасын  сөзсүз толтуруу керекпи?

Ооба, өзүн-өзү баалоо баракчасын толтуруу милдеттүү (ал Муглаимдерди аттестациядан өткөрүү жөнүндөгү Жобонун 36-пунктунда белгиленген).

 

 

1) Өз алдынча, баалоону жүргүзөт.

2) Мугалим жеке арызында көрсөткөндөй, кесиптик категорияга талдоо берилет.

3) Мугалим иш билги компотенттүүлүгүн ачыкка чыгарып, жеке даярдыгын даңазалай алат.

4) Предмет боюнча келечекте өсүү жолун өз кесибиннин багытын далилдейт. 

17.

Өзүн-өзү баалоо баракчасын-дагы суроолор өзгөрүп кетиши мүмкүнбү?

Бул жылы өзүн-өзү баалоо баракчасындагы суроолор өзгөрбөйт. Аттестациянын тартиби боюнча укуктук-ченемдик актыларга байланыштуу өзгөрүлсө, анда алдын-ала эскертилет.

18.

Кесиптик тестирлөөнү ким өткөрөт  жана тестирлөөгө кайсы суроолор кирди?

Тестирлөө КРнын ББИМнин (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министртлиги) Улуттук тестирлөө борборунун администраторлору аркылуу ишке ашат. ПКнын операторлру катары башка адистер да тартылат.

Тесттин суроолору 3 блоктон турат:

1-блок. “КРнын Билим берүү тууралуу мыйзамдарын билүү”, КРнын Конституциясы, КРнын балдар Кодекси, КРнын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамы.

2-блок. “Педагогиканын, психологиянын, усулдун негиздери” буга тарбиялоонун теориясы, дидактикасы, усулу, жалпы педагогика, психология жана окуу процессин башкаруу, уюштуруу  кирет.

3-блок. “Предметтик билимдин негиздери” берген сабагы боюнча окуу программасынын бардык көлөмү кирет.

19.

Тестке кирген суроолор менен алдын-ала таанышса болобу?

Суроолордун инструменттери апробьация болгондон кийин 20-ноябрдан кийин УТБ жана КРнын ББИМнин сайтына иштелип чыккан айрым булактары жайгаштырылат (1-2-блок боюнча).

Негизги предметтердин бардык бөлүктөрү,  темаларын ылайык, КРнын жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандарты тесттик тапшырмалар иштелип чыкты. 

20.

Тестирлөө кандай негизде, компьютердеби, оозекиби же жазуу түрүндө өтөбү?

Кесиптик тестирлөө (мындан ары-тесирлөө) мугалимдерди тестирлөөнүн курамдык бөлүгү болуп саналат. Тестирлөө компьютердин жардамы менен өтөт, анда мугалимдин кесиптик даярдыгы, мыйзамдарды билүүсү шарт.

21.

Кесиптик тестирлөө этабынан отүү үчүн канча балл алуу керек?

Аттестацияга катышуучу, эгерде, тесттик суроолордун жалпы санынан 50 баллды туура алса, анда аттестациядан өттү деп эсептелет (Жобонун 43-пункту).

22.

Графиктеги белгиленген убакыт боюнча, мугалим тестирлөөгө келе албай калса эмне кылуу керек? Башка күнү, башка пункт боюнча тапшырса болобу?

Тестке катышуучу өзүнүн жүйөлүү себептерин билдирсе (убактылуу ишке жөндөмсүздүгүн, тестке катыша албасын тастыктаса) кийинки тестирлөөгө катышат. 

23.

Эгерде, мугалим тесттин жыйынтыгы менен макул болбосо, кандай чара көрүлүшү мүмкүн?

Мугалим кесиптик тестирлөөнүн тыянагы менен татыктуу баа албай калса, анда кийинки белгиленген мөөнөттө кайталап тесттен өтөт (Жобонун 44-пункту).

24.

Мугалимдин портфолиосуна эмнелер кирет?

Мугалимдин кесиптик деңгээлин аныктаган документтер жана тигил же бул категория боюнча кесиптик чеберчилигин тастыктаган документтер кирет. Портфолионун мазмуну-педагогдун кесиптик компотенттүүлүгүнөн, иш билги индикаторунан турат.

Тастыктоо иретинде: окуу планы, сбактын планы, конспектиси, программасы, отчёту, видео-сабагы ж.б көрсөтүлөт. Портфолиого, баалоо критерийине жараша талаптар иштелип чыккан (4-тиркемени караңыз, сунушталган документтердин болжолдуу тизмеси, “5-тиркеме, портфолиого коюлган талаптар. КРнын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү боюнча жетекчилик”).

25.

Кайсы убакта портфолиого документтерди киргизүү керек?

Аттестацпия өтүүчү 5 жыл аралыгында.

26.

Сабакка байкоону ким жүргүзөт, Өтүүчү сабак, окуучуларды сабакка даярдоо боюнча анын датасын күн мурунтан билүүгө болобу?

Атайын иштелип чыккан үлгү боюнча, сабакка байкоону аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү жүргүзөт (6-тиркеме, сабакка байкоо жүргүзүүнүн үлгүсү. “КРнын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү боюнча жетекчилик”). Сабакка аттестация өткөрүү графиги боюнча комиссиянын мүчөрлөрү катышышат, сабакта мурда даярдалган жасалма эмес, академиялык, педагогикалык принциптин акыйкаттулугу сакталышы керек.

27.

Эжгерде, сабак (аттепстация үчүн) жеткиликтүү болбосо, анда экинчи жолу өтсө болобу?

Жок. Мугалим аттестациялык комиссияга арыз берүү менен бирге, аттестация өткөрүүнүн эрежелери менен кеңири  таанышкан. Ошол эле учурда мугалим түзүлгөн график боюнча аттестациялык процедурага да даяр турушу керек.

Ошондой эле, аттестациялык процедура сабакты баалоо менен гана чектелип калбастан, комплекстүү мүнөзгө, кесиптик тестирлөөгө, мугалимдин портфолиосуна, интервью-маекке ээ. Аталган критерийлердин негизинде, АК эксперттик тыянака таянуу менен, андан кийин гана чечим чыгарат.

28.

Интервью-маекте кайсы суроолор берилет?

Интервью-маекте АК КРнын  эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30.08.16., №143 жана КРнын ББИМнин 

30.08.16.№1235/1 буйругу менен бекитилген, “Жалпы билим берүүчү уюмдардагы мугалимдердин кесиптик категориясына карата талаптарга” таянат. Аталган суроолордун тизмеги “КРнын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү боюнча жетекчиликтин” “Баалоо инструменти” деген бөлүгүндө берилген (2-таблицаны караңыз).

29.

Жалпы балл аттестациянын бардык этабы аркылуу чыгабы?

Мугалимдин категориясын аныктоо үчүн жалпы жыйынтык балл комиссия мүчөлөрүнүн берген бааллын эсептөө жолу менен чыгарылат. Анда кесиптик тестирлөө, мугалимдин портфолиосу, интервью-маек кошо каралат. Андан кийин гана жыйынтык сумманын эксперттик баасы-эксперттик баанын санына жараша бөлүнөт, ал баа мугалимдин кесиптик категориясын далилдейт. “КРнын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү боюнча жетекчиликтин” 5-таблицасы педагогдун кесиптик категориясын аныктоо үчүн баллды эсептөөгө багытталган..

30.

Мугалимди кийинки айга  же кийинки жылга калтыруу боюнча АКнын чечими бьолушу мүмкүнбү?

Жобонун 53-пунктунда жазылгандай, АК 2 гана чечим кабыл алат, мугалимге кесиптик категория ыйгаруу  же андан баш тартуу.

31.

АКнын чечими менен мугалим макул болбосо, анда эмне кылуу керек?

Жобонун 48-пунктунда жазылгандай, АКнын чечими менен мугалим макул болбосо, анда ал райондук билим берүү бөлүмүнө (башкармалыкка, билим берүү борборуна) арыз менен кайрылат.

32.

Мугалим аттестациядан өтпөсө, тийиштүү категория албаса мектептин дирьктору аны жумуштан бошотууга акылуубу?

Жок. Андай болбойт. Аттестация өткөрүү жөнүндөгү Жободо ал каралган эмес.

33.

АК мугалимдин сынакта, олимпиадада жеткен жеңишин баалайбы?

Аттестациянын негизги принциптеринин бири-ар бир ишти ачык-айкын, комплекстүү, обьективдүү карайт (Жобонун 5-пункту). Баалоо инструменти болсо-баллдык көрсөткүчтөрдүн сандык жана сапаттык жагын кошо карайт (Жобонун 50-52-пункту). Мугалимдин өз кесиби боюнча сиңирген эмгеги анын сапаттык  өсүшүн далилдейт, муну АК эске алат.

34.

Кесипик категория-эмгек тартибин бузган, эскертүү алган мугалимге өз таасирин тийгизеби?

Бул аттестациянын процедурасында жазылган эмес. Бирок, Эмгек кодексинин ченемдерине ылайык, жумуш берүүчү тартип бузгандарга эскертүү берүүгө укуктуу, аны болсо, мектептин завучу, жумуш берүүчү тастыктайт.

35.

Аттестациядан өткөн мугалим кайсы категорияны алат?

Аттестациядан ийгликтүү өткөн мугалим

-Экинчи категориядагы мугалим,

-биринчи категориядагы мугалим,

-жогорку категориядагы мугалим категориясын алат.

36.

Тиешелүү категория алуу үчүн кандай артыкчылыктар берилет?

КК (кесиптик категория) алгандарга эмгек акысына ай сайын төмөнкүдөй кошумча акы төлөнөт:

-жогорку категорияга 2000 сом;

-биринчи категорияга 1500 сом;

-экинчи категорияга 1000 сом.

КК карата жумасына 20 саат сабак берүү белгиленген.

Эгерде, мугалим (окутуучу) жумасына 20 саат же 20 сааттан кем сабак өтсө, анда кошумча акы анын ККна жараша төлөнүп, пропорцианалдуу түрдө көбөйтүлөт же азайтылат.

37.

ККга акы төлөө качантан башталат?

КК боюнча кошумча акы төлөө мугалим КК алгандан кийин, экинчи айдын 1-числосунан тартып төлөнөт.

38.

2-1-категорияны албай туруп, жогоку категорияны алууга болобу? (жаңы эереже боюнча).

Жок, болбойт. Мугалим өзу зарыл деп эсептеген йатегорияга гана арыз берет. Жобонун 9-пунктунда: “Мугалимге категория милдеттүү-этаптуу түрдө эмес, аттестациянын жыынтыгы менен гана берилет” жазылган.

39.

Эгерде, мугалим мурда жогоку категориясы болуп, кийин жоюлса, 2-1-категориясы жок туруп, кайрадан атаандашканга укуктуубу

Бул 2008-жылдын 11-февралындагы “КРгы жалпы билим берүүчү уюмдардын педагогикалык жана жетекчи кызматкерлерин аттестациялоо тууралуу” Жобонун негизинде, КРнын 20.07.09. №241-“УЧА жөнүндөгү” Мыйзамдын 36-беренесине ылайык, токтотулган. Жоюлганга чейинки аралыктагы КК жаңы Жобо боюнча күчүн жоготту.

КК тандоо мугалим арызды өз колу менен жазгандан кийин, жүргүзүлөт. Өзүн-өзү баалоо баракчасы (аттестация өткөрүүнүн тартиби тууралуу Жобонун 36-пункту) алган баллда эсептөө менен эсептөө Шкаласына ылайык ишке ашат, анда конкерттүү категорияга (жогорку, 1-2-категорияга) иштин натыйжалуулугу эске алынат. “КРнын жалпы билим берүүчү уюмдарындагы педагогикалык кызматкерлерди аттестациядан өткөрүү боюнча жетекчиликтин” 7-таблицасы. Эгерде, мугалим жогорку категорияга татыктуу балл алса, анда ал 2-1-категориясы жок туруп, жогорку категорияга атаандаша алат, аттестациянын жүрүшүндө мугалим жогорку категорияга атаандашкандыгын далилдеши керек (Жобонун 4-бөлүгү, 49-50-пункту). КРнын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин 30.08.16., №143 жана КРнын ББИМнин 

30.08.16.№1235/1 буйругу менен бекитилген,  “Жалпы билим берүүчү уюмдардагы мугалимдердин кесиптик категориясына карата талаптар.”

 

40.

Алынган категориянын мөөнөтү канча? Аны кийинки жылы кайрадан тастыктаса болобу?

Мугалимдин ККсы (алган күндөн баштап) 5 жылга сакталат. Эгерде, мугалим быйылкы жылы категория алса, ал категория дагы 5 жылга жарактуу болот, кийинки башка категорияга арыз бере алат (мугалим “жогорку категория” албаса).

41.

Эгерде, (2016-2017-жылы) мугалим аттестациядан өтпөсо, категория албаса, анда ал ушул аралыкта АК арыз бере алабы?

Эгерде, 2016-2017-окуу жылында мугалим аттестациядан өтпөсо, категория албаса, анда ал ушул аралыкта ал мугалимди  Мугалимдерди аттестациядан өткөрүү тууралуу Жобонун 14-пунктуна ылайык, кайрадан даярдо жана кесибин жогорулатуу кеңешин берет. Мугалимдерди аттестациядан өткөрүү тууралуу Жобонун 6-пунктуна ылайык, аттестациядан мугалим келерки окуу жылында өтсө болот.

42.

Жылдын мугалимине категория жөн эле ыйгарылабы?

Жободо мындай процедура каралган эмес.

43.

ЖОЖдоду жаңы гана аяктап, ишке киришкен жаш адистер  быйылкы жылы аттестациядан өтүшөбү?

Жок. Мектепке иштегенине 1 жыл болгон жаш адистер, кош бойлуу келиндер, бала багып эмгек өргүүсүндө болгондор (өздөрү аттестациядан өтүүнү кааласа да) аттестациядан өтүшпөйт. Жаш адистер аттестациядан (эгерде, атестациядан өтүүнү каалашса) жогорку окуу жайды аяктаган соң, 2 жылдан кийин өтүшөт. 

44.

Эгерде мугалим (2-3-жылдагы сырттан окуучу студент) жогорку кесиптик билим берүүчү окуу жайда окуса, аттестациядан өтөбү?

 Мугалимдерди аттестациядан өткөрүү тууралуу Жобонун 11-пунктунун, 3-абзацында “(өздөрү аттестациядан өтүүнү каалабаса) жогорку кесиптик окуу жайын аяктаган жаш адистер аттестациядан өтүшпөйт.” деп жаызлган.

Эгерде, мугалимдин орто кесиптеги педагогикалык билими болуп, билимин жогорулатуу үчүн ЖОЖдун 2-3-курсунда окуса, анда аттестациядан өтүүгө укуктуу.

45.

Эгерде, мугалим иш жүзүндө пенсияга чыгып кеткен болсо, аттестациядан өтөбү?

Эмгек келишими менен иштеген пенсия курагындагы мугалим аттестациядан жалпы  негизде эле өтөт (Жобонун 11-пунктуна ылайык).

46.

Эгерде, билим берүү уюмунун кызматкери мектепте иштесе, ал дагы аттестациядан өтөбү?

Жумушчу ордун алмаштыруу менен жалпы билим уюмунда иштеп, педагогикалык ишмердүүлүгүн ишке ашырган  жаран өзү берген сабагынын алкагында, жалпы негизде, азыркы Жобого ылайык, өзүнүн негизги иштеген жеринен аттестация тапшырат.

Эгерде, анын иштеген жери жалпы билим берүүчү уюм болуп саналбаса, анда ал аттестациядан жалпы билим берүүчү уюмдан өтөт (Жобонун 10-пунктуна ылайык).

47.

Мектепте өтүүчү аттестациянын сапатына ким жооп берет?

Жобонун 39-пунктуна ылайык, “аттестациянын өтүү процессине АКнын төрагасы жооп берет”

48.

Мектеп директорлору аттестациядан кандай ирээтте өтүшөт?

Бул Жобо мугалимдерди аттестациядан өткөрүүгө байланыштуу маселелерди  гана жөргө салат.

Мектеп жетекчилери  (директорлор) “КРгы жалпы билим берүүчү уюмдардын бир Типтүү жобонун” 62-пунктунун 3-абзацына ылайык, директорлор келишимдик негизде иштешет. Жалпы билим берүүчү уюмдардын жетекчилери менен 5 жылга эмгек келишими (2 мөөнөттөн ашпаган) түзүлөт. Алар аттестациядан өтүшпөйт. Ал эми педагогикалык жүктөмдөрү бар мектептин жетекчилери (директорлор, директордун орун басалары) аттестациядан жалпы негизде өтүшөт (КРӨнүн 2011-жылдын 12-сентябрындагы №541-токтому менен бекитилген жалпы билим берүүчү уюмдар туралуу Бир типтүү жобо).