Билим берүү системасы

Кыргызстандын жалпы толук орто билим берүүсү төмөнкүдөй баскычтардан турат:

  • Башталгыч класттар (1-4 класстар), билим берүүнүн алгачкы баскычы;
  • Негизги орто билим — 5 жылга созулган негизги орто билим берүүнүүн экинчи баскычы,орто билим берүү мектептеринде 5-9-класстарды камтыйт;
  • Толук орто билим берүү баскычы, жогорку мектептерге жол ачат, эки жыл аралыгында орто билим берүү мектептеринде, кесиптик орто билим берүү мектептеринде, гимназияларда, лицейлерде (10-11-окутуу жылдары) ишке ашырылат.

Толук орто билим алуу мөөнөтү 11 жыл.

Башталгыч мектепке 6-7 жаш курагындагы балдар алынат. Тогуз жылдык негизги билим алуу милдеттүү болуп саналат. Толук орто билим алуунун жыйынтыктоочу баскычы баардык мамлекеттик, менчик мектептерде, лицейлерде, гимназияларда жүргүзүлөт. Акыркы этапта кесиптик мектептерде ар кайсы предметтерди тереңдетип окууга мүмкүнчүлүк бар. Окуусун ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр, мамлекеттик үлгүдөгү толук орто блилимге ээ экендиги тууралуу документ – орто билим тууралуу Аттестат алышат.

Орто билимдин экинчи баскычына  орто билим берүү базасында билим берген кесиптик лицейлердин, техникумдардын жана колледждердин 4-жылдык окутуу программалары туура келет. Аталган программанын бүтүрүүчүлөрү кесиптик билимге ээ болуу менен биргеликте толук орто билимге ээ болушат.

Толук орто билими тууралуу Аттестаттын жана ага тең болгон башка толук орто билими тууралуу күбөлүктүн болушу жогорку окуу жайга тапшырууда эң зарыл шарт болуп эсептелет. Жогорку билимдин баардык программаларына кабыл алуу кирүү сынактарынын натыйжасында ишке ашырылат. 2000-жылдан бери ЖРТнын жыйынтыгы менен алынат.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына университеттер, анын ичинде мамлекеттер аралык, эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн – Кыргыз-Орус (Славян), Кыргыз-Түрк, жана Кыргыз-Америка университеттери, академиялар, институттар жана бакалавр, адис жана магистрдык даража бере турган жогорку колледждер кирет.

Азыркы учурда жогорку билимде мурдагы кваллификация системасы бар. Ага ылайык, көпчүлүк адистиктер тармагында (инженердик, педагогикалык, юридикалык) билим алуу үчүн беш жылдык окуу зарыл. Программаны ийгиликтүү аяктаган учурда адистикти тастыктаган диплом биринчи академиялык даражага ылайык келген жогорку билимдин эки даражалуу системасы ыйгарылат. 4 жылдык билим алгандан кийин бакалавр даражасы ыйгарылат, ал эми жылдык даярдык биринчи академиялык баскычтан өткөндөн кийин магистрдик даража ыйгарылат. Медициналык адистиктер боюнча адистикти тастыктаган диплом 6 жыл окугандан кийин ыйгарылат. Ал эми стоматология жана ветеринардык медицина боюнча 5 жыл окугандан кийин берилет.

Жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийинки программалар өзүнө эки жана үч жылдык программаларды камтыйт. Анда илимдин кандидаты жана философия илимдеринин доктору  (PhD) даражалар ыйгарылат. Кыргыз Республикасында ыйгарылган эң жогорку академиялык даража доктордук даража.

Жогорку билим алуунун университеттик эмес программаларына эки же үч жылдык техникалык, экономикалык, педагогикалык жана медициналык адистиктер боюнча алынган маалыматтар кирет. Бул билимдер техникумдарда, коллеждерде жана толук орто билим берүү базаларында берилет.

Кыргыз Республикасынын окуу жайларында 5 баллдык баалоо колдонулат. Аталган аналогдук баа берүү Россиянын окуу жайларында колдонулат.