Министр

Кудайбердиева Гүлмира Каримовна

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри

 

Коомдук кабылдама

Кабыл алуу убактысы: 9:00 - 18:00

Телефон: 0312662442

Электрондук дарек: minedukg@gmail.com

1966 жылы 23 сентябрда туулган

Билими

Орус тили жана адабияты педагогикалык институтун, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүргөн.

Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.

Эмгек жолу

11.11.2016 - жылдан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри;

5.11.2015 - 11.11.2016 - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;

04.05.2012 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;

12.03.-04.05.2012 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы;

2010 – 2012 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнүн эксперти;

2008 – 2010  – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын начальниги;

2005 – 2008  -  Бишкек шаарынын Октябрь районун билим берүү борборунун директору;

2000 – 2002 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, депутаттын жардамчысы;

2002 – 2005 – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2000 – Азия өнүктүрүү банкынын “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүү” долбоорунун жергиликтүү консультанты;

1994 – 2000 – Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти, жетектөөчү адис, башкы адис;

1989 – 2004 – Республикалык медициналык окуу жайынын окутуучусу;

1988 – 1989 – Фрунзе шаарынын №20-орто мектебинин мугалими.