Тарых

Байыркы мезгилден бери бери кыргыздардын элдик педагогикалык салттары калыптанган тарбиялоо түзүмү болуп келди. Балдарды тарбиялоо, чеберчиликти үйрөтүү каражаттары байыртадан эле негизделген. 7-12-кк. Эне-Сайдагы кыргыз мамлекетинде өзүнүн жазуусу болгон. Бул кыргыз алфавити (жалпысынан Орхон-Энесай руна жазууларына кирет) 39 тамгадан туруп, алар ар кандай буюмдарда (таш, темир, тери, жыгач, карапа идиши, монеталарга ж.б.) жазылган. Азыркы Кыргызстандын аймагында орто кылымдардан тартып эле жазуунун ар кандай түрлөрү колдонулуп келе жатат. Алардын арасында кеңири тараганы согду жазуусу болгон. Кийинчерек уйгур жазуусу; казак, кыргыз, өзбек, уйгур жазууларына бирдей чагатай адабий жазуусу, алфавити жана башка жазуулар пайдаланылып келген. Ошол эле мезгилде билим берүүдө жана тарбиялоодо дидактикалык жана философиялык мазмунга бай элдик оозеки чыгармачылыктын органикалык бөлүгү болуп эсептелген элдик педагогика маанилүү роль ойнойт. 10-кылымдын ортосунда Караханиддер каганаты ислам динин расмий кабыл алган. Бул мезгилде Кыргызстандын аймагында араб алфавити колдонулган жана Чыгыштын алдыңкы маданияты менен таанышкан жергиликтүү калк билим алууга умтулган. Ислам дининин жобосу элдерди билим алууга чакырган. Алар калыптанып калган илимий түшүнүктү ала келген. Медресе, мектептер ачылып, сабаттуу элдердин саны өскөн.

10-кылымдын аягында жана 11-кылымдын башында Баласагын менен Кашкар көп кырдуу маданий шаарга эле айланбастан, илимий-билим берүү борбору да болуп калды. Баласагын шаарында туулган Жусуп Баласагын түрк тилинде “Кут берчү билим” дастанын жараткан. Ал география, тарых, философия, астрономия, математика, медицинанын аалымы болгон. Дастандын мазмунунан көрүнүп тургандай, Жусуп жашаган доордо элдердин билим алуусуна абдан чоң көңүл бурулган.

Орто кылымда илим менен билимдин өнүгүшүнө белгилүү окумуштуу Махмуд ибн Хусейн Кашгари (Барскани) чоң салым кошту. Ал болжол менен 1029-1038-ж.ж. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Барскан шаарында төрөлгөн. Махмуд Кашгари Багдад, Бухарада билим алган. Жазылган эки чыгармасынын бири “Түрк тилдер сөздүгү” биздин күнгө чейин жетти. Анда түрк элдеринин тилдери жөнүндө маалымат келтирилип, элдик оозеки чыгармачылык, уруулар курамы, Караханийлер дооруна тиешелүү башка тарыхый, географиялык маалыматтар жөнүндө жазылган. 13-кылымда, монгол баскынчылыгынан кийин кыргыздар жана Кыргызстандын отурукташкан түрк тилдүү калкы орду толгус жоготууга учурады. Ал маданий байлыктарды жоготуп, илим жана билимдин төмөндөшү менен коштолгон. 14-18-к.к. ич ара жаңжалдар, чет элдик баскынчылардын кол салуусу, туруксуз саясий кырдаалдан жалпы абал начарлап, анын ичинде маданиятка чоң зыян келтирди. Ага карабастан, Кыргызстандын аймагында мындай оор шарттарда Сайф ад-Дин Аксыкенти сыяктуу билимдүү адамдар чыгармаларын жаратууну улантышкан. 16-кылымдын башында ал фарсы тилинде өзүнүн “Маджму ат-таварих” чыгармасын жазган, анда Фергана менен Теңир-Тоодо жашаган кыргыз жана кыпчак уруулары жөнүндө маалыматтар бар. “Манас” эпосунан кара сөз түрүндөгү үзүндүсү киргизилген.

 

18-кылымдын экинчи жарымында жана 19-кылымдын биринчи жарымында Кыргызстан өнүгүүнүн жаңы тепкичине көтөрүлдү. 18-кылымдын 50-жылдары Жунгар хандыгы талкаланып, кыргыздар калмактардын аягы жок чабуулунан дээрлик бир кылымга кутулушкан. Кыргызстанда 19-кылымдын башында билим берүү жаатында негизинен абал жакшырган. Кыргызстандын аймагында жайгашкан Кокон хандыгында ислам дининин өкүлдөрү жергиликтүү калктын балдарын медресе менен мечиттерде окута баштаган, аны менен сабаттуу адамдардын көбөйүшүнө чоң салым кошкон. 19-кылымдын 20-жылдары Оштун аймагында 150 мечит, 6 медресе, алар менен катар эле алай бийлөөчүсү Алымбек датканын белгилүү медресеси болгон.

19-кылымдын белгилүү акындары өз доорунун эң билимдүү адамдарынан болушкан. Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Нурмолдо, Молдо Нияз, Жеңижок, Токтогул, Тоголок Молдо жана башкалар өз насыяттарында жана санаат ырларында билимди даңазалашып, адамдарды билим алууга үндөшкөн. Ошондуктан аларды толук негиз менен кыргыз элинин көрүнүктүү ойчулдары жана агартуучулары деп атоого болот. Ошол эле Нурмолдо, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Жеңижок, Тоголок Молдолор мусулманча билим алышып, кат тааныган акындардан болушкан. Кыргызстандын Россия падышачылыгына кошулушунан кийин (1855—1876) маанилүү коомдук өзгөрүүлөр болду, анын ичинде билим берүүдө да олуттуу өсүүлөр байкалды. Орус жана украин келгиндеринин келиши менен алардын балдарын окутуу үчүн ар түрдүү типтеги башталгыч класстар түзүлө баштаган. Ошондой эле Кыргызстандын аймагында жергиликтүү калктын балдарын орус тилинен котормочу, катчы ж.б. кызматка даярдап чыгуу үчүн жергиликтүү-орус мектептер ачылган. Кыргызстандагы биринчи жергиликтүү-орус мектеби 1884-жылы Токмок шаарынан алыс эмес жердеги Кара-Коңуз аттуу дунган айылында ачылган. Муну менен катар Ошто, Караколдо, Токмокто, Бишкекте, Бишкек уездинде, Таласта ж.б. жерлерде мектептер ачыла баштаган. Кийинчерээк айрым мектептерге жатаканалар кошо курулуп, мектеп интернаттар пайда болду. Андан соң Караколдо, Токмокто кыздардын жергиликтүү-орус мектеби түзүлдү. Октябрь ыңкылабына чейин Кыргызстанда 16 жергиликтүү-орус мектеп иш алып барган. Аларда 750 окуучу билим алса, алардын 670ин жергиликтүү калктын өкүлдөрү (алардын ичинен 614 эркек бала, 56 кыз) түзгөн.

19-кылымдын 80-90-жылдары Кыргызстанда айыл чарба билимин берүүчү мектептер пайда болгон. Биринчи айыл чарба мектеби Караколдо 1888-жылы ачылса, Бишкекте 1890-жылы ачылып, 1894-жылга чейин иштеген жана кыргыз бак өстүрүү мектеби деп аталган. 1893-1914-жж. бул мек- тептен 54 окуучу билим алган. Айрым кыргыз балдары Каракол жана Бишкек шаарларындагы окуу жайлардан 4-класстын билимин алышкан. 1914-жылы бул окуу мекемелери жогорку башталгыч окуу жайлары болуп кайра түзүлгөн. Бул окуу жайларын бүтүргөн кыргыздар котормочу, катчы жана башка кичи кызматкер болуп иштешкен. 1911-жылы Караколдо кыздардын прогимназиясы ачылган. 1916-жылы Бишкектеги жеке кыздар мектеби кыздардын прогимназиясы болуп кайра уюштурулган. Бул гимназияда 190 кыз окуса, алардын 11и кыргыз кыздар болушкан. Бишкек балдар гимназиясы 20-кылымдын башында Кыргызстандагы жалгыз орто окуу жай болгон, ошондой эле эки толук эмес орто окуу жай – Каракол жана Бишкек шаарларындагы кыздардын прогимназиясы болгон.

19-кылымдын экинчи жарымынан тартып мусулман мектептеринде башталгыч билим алган окуучулардын саны көбөйгөн. Кыргызстанда башка мектептерге салыштырмалуу конфессионалдык мектептердин саны басымдуулук кылган. 1909-жылы Бишкек уездинде – 14. Каракол уездинде – 12, Түштүк Кыргызстанда – 16 диний күчтүү таасир көрсөтүүчү мектеп болгон. Октябрь ыңкылабына чейин мындай мектептердин саны дагы өскөн. Көбүнчө Түштүк Кыргызстанда көптөгөн орто окуу жайлар – медреселер ачылган. 1892-жылдагы маалыматтар боюнча түштүктө 7 медресе (алардын 5өө Ошто болгон) ишмердигин жүргүзгөн. 1914-жылы Ош уездинде алардын саны 88ге жеткен жана аларда 1176 бала окуган. Караколдогу жалгыз медреседе 45 бала билим алган. Медреселерди бүтүргөндөр муфтий, казы, мударис (мугалим) кызматтарында иштешкен. Мектептерде балдар кат жазууну, диний китептерди окууну, араб тилинин грамматикасын үйрөнүшкөн, ошондой эле мусулман динин (шариат), жарандык укукту ж.б. өздөштүрүшкөн. 19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында Орто Азиядагы буржуазия ишмерлеринин арасында реформалык мезгил жандандырылган. Алар биринчи кезекте мусулман мектептериндеги билим берүүнүн жолдорун өзгөртүүгө аракет кылышкан. Натыйжада алардын ордуна жаңы типтеги мектептер түзүлгөн («Усули жадид»). Бул мектептерде диний мүнөздөгү сабактар менен катар жалпы тармактагы (арифметика, география ж.б.) сабактар да өткөрүлгөн, класстарга парта, жазуу тактайлары, мугалимдердин столдору коюлуп, географиялык карталар колдонулган. 1901-1902-жж. жаңы типтеги мектептер алгач Бишкек, Токмок жана Караколдо ачылган. Окууну мыкты аяктагандар окуусун андан ары улантуу үчүн Казань жана Уфа медреселерине жөнөтүлгөн. Жаңы типтеги мектептер кийинчерээк кыргыз айылдарында да ачыла баштаган. Мисалы, 1909-жылы Чоң-Кемин шаарында “Шабдан медресеси”, 1912-жылы Кочкор өрөөнүндө, Ак-Талаада, Курткада, Тоң болушундагы Туура-Сууда (бул жерде Казань жана Уфадан билим алып келген Эшеналы Арабаев сабак берген) мектептер ачылган. 1911-жылы Жумгалда Кара-Булактын Куланак айылынын жанында “Курман мектеби” ачылган. 20-кылымдын башындагы жаңы типтеги мектептер Кыргызстандын калкынын билимин өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. Бул мектептердеги бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кийин интеллигенциянын алдыңкы бөлүгүн түзүшкөн.

Совет бийлигинин орношуна байланыштуу Кыргызстандын калкынын билиминде кескин өзгөрүүлөр болду. Совет мезгилинде кыргыз элинин рухий маданиятын жана илимин өнүктүрүү жогорку натыйжаларга жетишти. Совет бийлигинин алгачкы жылдары калктын сабатсыздыгын жоюу үчүн жалпы башталгыч билим берүү, андан кийин 7-8-класстык билим берүү киргизилди, орто билим берүү идеясы жүзөгө ашырылды. Кийинчерээк 1940-жылга карата кесиптик-техникалык, атайын орто жана жогорку окуу жайлардын тарамы көбөйдү. 1918-жылы Кыргызстандын бардык уезддеринде жаңы типтеги мектептерди түзүүгө киришкен билим берүү бөлүмдөрү түзүлдү. Мурунку мусулман мектептеринин, жаңы типтеги мектептердин, орус мектептеринин, жергиликтүү-орус мектептеринин ордуна билим берүүнүн биринчи жана экинчи баскычындагы мектептер түзүлө баштады. Билим берүүнүн биринчи баскычындагы мектептерде 8-13 жаштагы, экинчи баскычындагы мектептерде 13- 17 жаштагы өспүрүм балдар билим алышкан. 1923-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык окуучу болсо, 327 мектеп (алардын 251и кыргыз мектеп) иш алып барган. Ошол эле убакта мектептерди мугалимдер менен камсыз кылу максатында тийиштүү кыска мөөнөттүү курстар уюштурулган. 1919-жылы Ташкентте ачылган кыргыз-казак педагогикалык курстарына 137 адам жөнөтүлгөн. Ошол эле жылы кыргыз мектептериндеги 300дөн ашык мугалим Верныйда даярдоо жана квалификацияны кайра көтөрүү боюнча мугалимдердин курстарынан өтүшкөн. Бир аз убакыттан соң Бишкекте, Токмокто, Караколдо 6 жана 2 айлык курстар ачылган.

 Совет бийлигинин алгачкы жылдарында сабатсыздыкты жоюу боюнча чоң иштер жасалган. 1919-жылы Кыргызстанда чоңдор үчүн алгачкы жалпы билим берүү курстары ачылган. Атайын декрет менен 18 жаштан 40 жашка чейинки жарандарга жазууну жана окууну милдеттүү түрдө үйрөтүү киргизилген. Бишкек, Токмок жана башка шаарларда жана айылдарда сабатсыздыкты жоюу боюнча кечки курстар уюштурулган. 1924-жылы Академиялык борбор ачылып, анын базасында Кара-Кыргыз илимий комиссиясы түзүлгөн. Бул комиссия улуттук тилдин негизинде алфавитти иштеп чыгуу, адабий тилдин нормаларын өнүктүрүү жана илимдин тармактары боюнча терминологияны түзүү боюнча тийиштүү иштерди жасаган. Орто Азиядагы улуттук-мамлекеттик бөлүнүүдөн кийин Кыргызстандын мектептери интенсивдүү өнүгө баштады. Билим берүүнү андан ары өнүктүрүү максатында 1928-1929-жылдары бардык кыргыз мектептеринде кеңири колдонулган араб графикасынын ордуна латын алфавитин киргизүү жөнүндө маселе каралган. 1940-жылы латын алфавити орус графикасы менен алмаштырылган. 1930-50-жж. Кыргызстандын мектептеринде 4-классты – 496123 окуучу (алардын ичинен 233532и кыргыздар); 7-классты – 170330 окуучу (алардын ичинен 70142и кыргыздар); 10-классты – 24341 окуучу (алардын ичинен 8890у кыргыздар) бүтүргөн. Кийинки жылдары жалпы орто билим берүү программасы ийгиликтүү ишке ашкан. 1975-ж. сегиз классты аяктаган окуучулардын 86,6%ы орто билимин андан ары улантышкан. 1979-ж. бул цифра 98,6%ды түздү. 1981-82-окуу жылдары республикадагы бардык типтеги 1734 мектепте 909,6 миң окуучу билим алышты. Совет бийлиги жылдарында мектептердин саны 15 эсе, окуучулардын саны 114 эсе, ал эми мугалимдердин саны 230 эсе көбөйүп, булар республикадагы интеллигенциянын эң ири катмарын түзүшкөн. Совет мезгилинде республикада кесиптик билим берүү калыптанып, өнүгүү жолуна түшкөн.

1925-жылдын 25-октябрында Бишкекте жаңы типтеги окуу жай – Эл агартуу институту ачылган, бул окуу жай кийин Педагогикалык техникум болуп кайра түзүлгөн. Көптөгөн белгилүү чыгармачыл инсандар, жетекчилер жана советтик органдардын кызматкерлери бул окуу жайды бүтүрүшкөн. 1928-29-жж. педагогикалык жумушчу факультети (рабфак) ачылган. 1932-ж. биринчи жогорку окуу жай – Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институту түзүлгөн. 1933-ж. Кыргыз зооветеринария институту ачылып, кийин К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институту болуп кайра түзүлгөн. 1939-ж. сентябрь айында Кыргыз мамлекеттик медицина институту негизделген. 1935-ж. Бишкекте, 1939-ж. Ошто, 1940-ж. Караколдо мугалимдер институттары ачылган. 1950-ж. тартып жогорку жана атайын орто окуу жайлардын саны көбөйө баштаган.

1951-52-окуу жылдарынын башындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ачылышы республиканын тарыхында ири коомдук жана маданий мааниге ээ болду. Андан кийин Ош педагогикалык институту (1951-ж.), Кыргыз аялдардын педагогикалык институту (1952-ж.), Караколдогу педагогикалык институт (1953-ж.), Фрунзе политехникалык институту (1954-ж.), Дене тарбия жана спорт институту (1955-ж.), Кыргыз мамлекеттик искусство институту (1967-ж.), Фрунзе орус тил жана адабияты педагогика институту (1979-ж.) ачылган. Атайын орто окуу жайлар ачылган, мисалы, Майлуу-Сай электромеханика техникуму, Ош курулуш жана соода техникуму, Ош, Каракол, Нарын, Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайы ж.б.

1980-жылдардын башында Кыргызстандын 10 жогорку окуу жайларында 55 миңден ашуун, атайын орто окуу жайларында 40 миңден ашуун студент билим алышкан.

Совет мезгилинде билим берүү чөйрөсүндөгү чоң жетишкендиктер менен катар олуттуу кемчиликтерге да орун берилген. Өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасында топтолгон мыкты жетишкендиктер, алдыңкы тажрыйба жана усулдар пайдаланылбады. Билим берүү системасы катуу жөнгө салынды жана окутуунун ар түрдүү жолдорун колдонууга жол берилген жок. Мындай абал билим берүү системасынын көптөгөн таланттуу мугалимдеринин жана мыкты ишмерлеринин энтузиазмдерин басаңдатып, алардын демилгелерине көңүл бурулбады. Бардык сабактар партиялык принципке таянып, коммунисттик идеологиянын таасиринин алдында калды. Агартуунун улуттук өзгөчөлүктөрүнө көңүл бөлүнбөдү. Жогорку, атайын орто жана кесиптик-техникалык окуу жайларда бардык сабактар орус тилинде гана жүргүзүлдү. Советтик Кыргызстандын борборунда – Фрунзеде, башка шаарларда – Ошто, Жалал-Абадда, Токмокто, Өзгөндө, Кара-Балтада кыргыз тилинде билим берген мектептер жана бала бакчалар дээрлик болгон эмес. Ошондуктан көптөгөн шаарларда, айылдарда жашаган кыргыздар үчүн терс кырдаал түзүлүп, алар эне тилин жана улуттук каада-салттарын унута башташкан.

1991-жылдын август айында Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан тартып республикада ири реформалар жүргүзүлдү. Экономикалык кыйынчылыктарды баштан кечиргенибизге карабастан, билим берүү жана маданият чөйрөсүндө көптөгөн кайра түзүүлөр ишке аша баштады. Ошол убакта билим берүү системасында бардык этаптагы реформалар жүргүзүлдү. Бул кайра түзүүлөрдүн негизин “Билим берүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, “Билим”, “21-кылымдын кадрлары”, “Жеткинчек” (“Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү жөнүндө”) программалары, ошондой эле башка расмий документтер жана концепциялар түздү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 1992-жылы кабыл алынган “Билим берүү тууралуу” Мыйзамды колдонуу менен өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системасынын практикалык жетишкендиктери эске алынып, мектептерде, кесиптик-техникалык окуу жайларда, атайын орто окуу жайларда билим берүүнүн жаңы ыкмалары жана усулдары пайдаланылып, замандын талаптарына ылайык адистер даярдала баштаган. 1990-жылдардан тартып айрым сабактарды жана кесиптик багыттарды тереңдетип окуткан мектеп гимназиялар түзүлө баштаган. №5 (кыргыз тилинде окутулган мектеп) жана №6 (орус тилинде окутулган мектеп) мектептердин базасында биринчи гимназиялар түзүлдү. Кыргызстанда лицейлер, колледждер иштей баштады. Бул багытта чет элдик фирмалар, ишкерлер жана мамлекеттик мекемелер тарабынан чоң жардамдар берилди. Жалпысынан жаңы билим берүү системасынын өнүгүшүнө түрк кесиптештер чоң салым кошушту. Алар Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Нарында ар түрдүү тармактагы, англис, кыргыз жана орус тилдеринде окутуучу жалпы билим берүү лицейлерин түзүштү. Ар түрдүү типтеги бардык окуу жайларында кыргыз тилин окутуу жүргүзүлүүдө. Буга 1989-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы түрткү берди.

2000-2001-окуу жылдарынын башында республикадагы жалпы билим берүүчү мектептердин саны 1975ти түздү, алардын ичинен 1629у орто мектеп, 200ү толук эмес орто мектеп, 125и башталгыч мектеп. 365 мектепте айрым сабактар тереңдетилип окутулат, аларга 104 гимназияны жана 57 лицейди да кошууга болот. Жалпы билим берүү мектептеринде 1111,4 миң окуучу билим алса, алардын 182 миңи айрым сабактарды тереңдетип окуткан мектептерде, гимназияларда жана лицейлерде билим алышат. Жогорку класстарда (10-11-класстар) – 99 миң, орто класстарда (5-9-клас- стар) – 555,2 миң, башталгыч класстарда (1-4-класстар) – 457,2 миң окуучу билим алат. 32 мектеп интернатта жана мектеп жатаканаларында 9,5 миң окуучу билим алат жана тарбияланат, ошондой эле 3,4 миң окуучу атайын мектептерде жана бала чагынан майып болгон балдардын мектеп интернаттарында билим алышат. 546 мектептин көмөкчү чарбасы, ал эми 959 мектептин окуу-тажрыйба учактогу бар. Республика боюнча класстар орточо 25 окуучудан, ал эми Бишкек шаарында 30 окуучудан түзүлөт.

Мектептерди компьютерлер менен камсыздоо, техникалык каражаттар жана эмеректер менен жабдуу, капиталдык оңдоо жана жылуулук тутумун реконструкциялоо боюнча чоң иштер аткарылды. Бул багытта Азия Өнүктүрүү Банкы, ЮНИСЕФ, “Сорос-Кыргызстан”, “Кайрымдуулук корпусу” фонддору жана башка жергиликтүү жана чет элдик уюмдар олуттуу салым кошушту. Мектептерде компьютердик класстар, ал эми 866 мектепте информатика жана эсептөө техникасы боюнча кабинеттер ишке киргизилди. Ондогон мектептер Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө жетишишти. Билим берүү программалары жана окуу пландары тамырынан өзгөртүлдү. Мектептерге төмөнкүдөй курстар киргизилди: “Адеп-ахлак сабактары”, “Манас сабагы”, “Мекен таануу”. Башталгыч класстарга чет тили окутула баштады. Кошумча төмөнкүдөй курстар киргизилди: “Жаратылыш таануу”, “Информатика жана эсептөө техникасы”, “Адам укугу”. Окуучулардын арасында студенттердин арасында өтүүчү тестирлөө тажрыйбасы колдонула баштады. Жыл сайын сабактар боюнча региондук жана республикалык олимпиадалар өткөрүлүп, аларга 8-11-класстарда окуган 100 миңдей окуучу катышат. 27 жеке мектеп уруксаттама алышты. Орто билим берүү системасында окутуунун жогорку деңгээли менен айырмаланган мыкты мектептер пайда болду. Алар төмөнкүлөр: Бишкекте – № 61 мектеп, 13 мектеп лицей, № 5, 6, 7, 70 мектеп гимназиялары; Кара-Балтадагы № 6 мектеп гимназия; Ноокат районун- дагы “Ноокат” окуу борбору; Жалал-Абадда – № 14 мектеп гимназия; Караколдо – Т. Сатылганов 13 атындагы лицей ж.б.

1991-2000-жж. көптөгөн оригиналдуу окуу китептери жарыкка чыкты. Окуу китептери совет мезгилиндегидей болбой, идеологиядан тышкары чыгарылды. 1990-2000-жж. 338 аталыштагы окуу китептери жана окуу куралдары 9921 миң нускада чыгарылды. Азия Өнүктүрүү Банкы, “Данида” чет элдик уюму, “Сорос-Кыргызстан” фонду насыя берип, мектептерди окуу китептери менен камсыз кылууда чоң салым кошушту.

Билим берүү чөйрөсүндө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Мисалы, жергиликтүү айыл бийликтери мектептердин муктаждыктарын ар түрдүү материалдык жана финансылык каражаттар менен камсыздап, мектептерди оңдоого жардам берип жатышты. Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары айрым окуучулар менен студенттерге атайын стипендияларды бере башташты. Эл аралык фонддор, мисалы “Сорос Кыргызстан” фонду “Билим берүү” программасын өнүктүрүүгө жана жүзөгө ашырууга чоң салым кошту. Фонд тарабынан керектүү окуу китептерин, сунуштамаларды, көрсөтмө куралдарды, сөздүктөрдү иштеп чыгуу жана жаш таланттардын арасында сынак өткөрүү жолу менен көркөм искусствонун сүйүүчүлөрүн табуу боюнча ири иштер жасалды. Жаш таланттарды даярдоо базасын жалпы билим берүү мектептеринде уюштурулган чыгармачылык ийримдер, секциялар түзөт. Мындан сырткары музыка, живопись жана көркөм искусствону окутуу жана дене тарбияны чыңдоо, өспүрүмдөрдүн спорттук деңгээлдерин өнүктүрүү максатында 140 мекемеде 5 миңден ашуун мугалим иштеп, 58 миңден көп окуучу тарбияланган. Жергиликтүү кайрымдуулук уюмдары тарабынан жүргүзүлгөн жаш таланттардын конкурстары эл аралык маанини алып, жаш муундун чыгармачылык өнүгүшүнө жардам берди. Балдарды сабактан тышкаркы убакытта тейлеген борборлор олуттуу жаңыланды. Мисалы, Бишкекте балдарды сабактан тышкаркы убакытта окуткан бардык мекемелер бир борборго бириктирилди. Бул багытта облустарда жана райондордо да иштер жасалды.

Билим берүүнүн деңгээлин көтөрүүдө олуттуу ийгиликтер болуп, мугалимдерди аттестациялоодон өткөрүү маанилүү ролду ойноду. Кыргыз билим берүү институтундагы мугалимдердин квалификациясын көтөрүү курстарында жыл сайын жүздөгөн адистер тереңдетилген окуулардан өттү. 2000-ж. жыйынтык боюнча 72,4 миң мугалимдин ичинен 50 миңден ашууну жогорку билимге, 19,5 миңи толук эмес жогорку жана атайын орто билимге ээ болушкан. Азыркы убакта мугалимдер билим берүүнүн ыкмаларын өз каалосу боюнча тандай алышат. Жылдын мыкты мугалимдерин аныктоо боюнча конкурстар жана алдыңкы мугалимдер үчүн уюштурулуучу семинарлар жакшы натыйжаларды берүүдө.

Суверендүү Кыргызстандын мугалимдеринин съезди (2000-ж.) жана 2001-жылы кабыл алынган “Мугалимдин макамы жөнүдө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы билим берүү кызматкерлеринин чыгармачылык аракеттерин жана мугалимдердин коомдогу ордун баалоодо шарттуу фактор болуп калды.

Мектепке чейинки билим берүү. 2000-жылы республикада 460 балдар бакчасы (61225 орун), шаарларда – 268, айылдарда – 192 болуп, тарбиячылардын саны 3810 кишини түзгөн. Бардык балдар бакчасынын чинен 338и бюджеттик болуп эсептелген. Мамлекеттик жана ведомостволук мекемелерден тышкары жеке, үй-бүлөлүк, балдар мекемелери да иштейт. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил мыйзамы жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган соң, кыргыз тилиндеги балдар мекемелеринин саны өскөн. Балдар бакчаларынын ишмердүүлүгүнүн мазмунун жана формасын, кыргыздардын, жана Кыргызстандын жарандыгын алган башка элдердин маданиятын окутуу жана тарбиялоо усулдарын жана каражаттарын аныктаган, мектеп жашына чейинки балдардарга билим берүүчү мектепке чейинки тарбиялоо боюнча программа иштелип чыккан. Мектепке чейинки мекемелер аралык кароо-конкурстар өткөрүлүп турат. Республиканын мектепке чейинки мекемелеринде акы төлөп окутуу жана тарбиялоо формалары: чет тилдер, бий, компьютердик класстар, балдар ден соолугун чыңдоо үчүн спорттук секциялар, куурчак театрлары, сатуу үчүн зарыл болгон оюнчуктарды жана буюмдарды жасоо ж.б. пайда болду. “Мээрим”, “Сорос-Кыргызстан” эл аралык фондтору менен мектепке чейинки курактагы балдарды окутуу, турмуш шартын, билим деңгээлин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзгөн каржылык макулдашуулар түзүлдү. Окутуу долбоорлору Азия өнүктүрүү банкы, ЮНИСЕФ, Улуубританиянын “Балдарды коргойбуз”, “Энелер мектеби”, “Мүмкүнчүлүгү чектелгендери бириктирүү” уюмдары тарабынан ишке ашырылууда.    

Жогорку жана орто атайын окуу жайлары. 2000-2001-окуу жылында республикадагы жогорку окуу жайлардын (жож) саны – 40ты, студенттердин саны – 188,2 миң адамды түздү, бул 1999-2000- окуу жылына салыштырганда 29,5 миң адамга көп. Жождордун жана студенттердин санынын көбөйүшү жаңы окуу жайлардын ачылышы менен байланыштуу. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2000-жылы Бишкек жана Талас облусунда мамлекеттик университеттер ачылды, ошондой эле филиалдар, окуу-консультативдик бөлүмдөр пайда болду. 1991-ж. тартып бир катар жаңы жождор ачылып, мурунку институттар университет болуп кайра түзүлдү. 1992-ж. политехникалык институттун базасында Кыргыз техникалык университети жана Кыргыз архитектура-курулуш институту иштей баштады. 1993-ж. Кыргыз тоо-металлургия институту түзүлдү. 1991-ж. Ошто Технологиялык колледж, Бишкекте Жогорку милиция мектеби, Кыргыз сүрөт колледжи ачылган. Кыргызстандын билим берүү боюнча дүйнөлүк уюмга кирүүсүнө биргелешкен окуу жайларды ачуу чоң көмөк көрсөттү. Ушул максатта кыргыз-түрк лицейи, Кыргыз-Түрк университети, Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи, Кыргыз-Орус славян университети, Кыргызстан Эл аралык университети ачылды. КМУУнун алдында кыргыз-америка, кыргыз-европа, япон жана чыгыш тилдерин үйрөнүү боюнча чыгыш факультеттери түзүлдү. Кыргыз-америка факультетинин базасында 1998-ж. Кыргыз-Америка университети ачылды. Ошондой эле КМУУнун алдында уйгур филологиясын окутуу боюнча адистерди даярдоо үчүн уйгур факультети уюштурулду. Кыргыз мамлекеттик консерваториясы мурунку Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан бөлүнүп чыкты. Ысык-Көл мамлекеттик педагогикалык институту, Кыргыз аялдардын педагогикалык институту, Бишкек гуманитардык тил институттары университет макамын алышты. 1992-ж. Ош педагогикалык институту университет болуп кайра түзүлдү; Ош технологиялык колледжи – Ош технологиялык университетине (1997-ж.); Сүрөт колледжи – Сүрөт Академиясына (1995-ж.); Кыргыз-өзбек жогорку технологиялык колледжи  – Кыргыз-Өбек университетине (1997-ж.); Бишкек жогорку милиция мектеби – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясына (1999-ж.) кайра түзүлдү. 1998-ж. Жалал-Абадда университет ачылды. Кыргыз айыл чарба институтунун жана Илимий-тажрыйба айыл чарба институтунун базасында Айыл чарба академиясы негизделди. Ушул эле жол менен Медицина академиясы да түзүлдү. Жалал-Абадда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун филиалы ачылды. 1995- 99-жж. Нарында, Таласта, Балыкчыда жаңы жождор ачылды.

2000-2001-окуу жылында жеке жогорку окуу жайлардын саны 14кө жетти, КМШдагы окуу жайлардын 7 филиалы ачылды. Жаштардын билим алуу ыңгайлуулугу жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жождор республиканын облустук борборлорунда жана шаарларында жайгашты. Мисалы, 1991-ж. республикадагы жогорку окуу жайлардын 80%ы Бишкекте болсо, 2001-ж. алардын 70%ы региондордо ачылып, аларда республикадагы студенттердин 53%ы билим алышкан. 2000- 2001-окуу жылында мамлекеттик жогорку окуу жайларда 48040 студент билим алса, алардын ичинен – 7119 бюджеттик бөлүмдөргө, 21773 - келишимдик бөлүмдөргө, 18806 – сырттан окуу бөлүмдөрүнө туура келди, ал эми жеке окуу жайларда 3078 студент билим алышты. Мамлекеттик жогорку окуу жайларда 138, жеке окуу жайларда 13 адистик боюнча окутуу жүргүзүлдү. Студенттердин жалпы санынын 65%ын кыздар түздү. 2001-ж. Кыргызстандын жождорунда 47 чет өлкөлүк окутуучу иштеди. Республиканын жождорунда 24 өлкөдөн келген 1970 студент билим алышты (мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде мындан да көп студент билим алды). “Билим” жана “21-кылымдын кадрлары” программаларынын алкагында жүздөгөн жигиттер жана кыздар чет өлкөлөрдөн билим алышты. Мисалы, КМШ өлкөрүндө – 500дөн ашык студент жана аспирант (алардн 224 Россия Федерациясында, 50 – Тажикстанда, 115 - Өзбекстанда, 4 – Украинада, 115 - Казакстанда) билим алды. 2000-2001-окуу жылында республикадагы 52 атайын орто окуу жайларында 26 миң студент билим алышты.

Президенттик “21-кылымдын кадрлары” билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын жарандарын дүйнөнүн алдыңкы билим берүү жана илимий борборлорунда даярдоого, кайра даярдоого жана илимий стажировкалардан өткөрүүгө максималдуу көмөктөшүүгө багытталган.

Программанын катышуучулары Туркия, Германия, Россия Федерациясы, Австрия, Австралия, АКШ, Улуубритания, Кытай, Индия, Малайзия, Түштүк Корея, Италиянын мыкты университеттеринде (анын ичинде магистратура жана аспирантурада) билим алышууда. Билим алуу төмөнкүдөй адистиктерде, негизинен компьютердик илимдер, финансы, банк иши, экономика жана менеджмент, эл аралык журналистика, эл аралык мамилелер, бизнести башкаруу, укук, саясий илимдер, химиялык инженерия, медицина ж.б. жүргүзүлүүдө.  Программа алкагында бул жождордо илимдин кандидаттарын жана докторлорун стажировкадан өткөрүү активдүү ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынан чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларга тапшырган көптөгөн абитуриенттерге президенттик стипендиялар ыйгарылат. Программа алкагында төмөнкүдөй стипендиялар: өзгөчө академиялык, илимий-чыгармачыл жана коомдук-маанилүү жетишкендиктерин көрсөткөн жождордун студенттери жана аспиранттарына – “Үмүт”. Республикалык жана эл аралык олимпиядалардын жеңүүчүлөрү, өзгөчө дипломдордун жана башка артыкчылык белгилеринин ээлери стипендиант боло алышат; мектепти бүтүшкөн жана ата-энесиз жогорку класстагы-окуунун мыктылары үчүн «Жеткинчек» («Доступ к образованию»). Баардык аймактардан 300дө ашуун окуучулар стипендиант болушту, алардын көпчүлүгү алыскы айылдардан; Чыгармачылык ишмердүүлүктө алгачкы маанилүү ийгиликтерге жеткен жаш таланттар үчүн «Башталыш-Прелюдия» стипендиясы ыйгарылат. Таланттуу окуучулардын көптөгөн эл аралык конкурстарынын байге ээлери стипендиант боло алышат; «Алтыншаты» өзүнүн аткаруучулук чеберчилигин байкалаардык көрсөткөн таланттарды андан ары колдоо үчүн ыйгарылат (анын ичинде «Башталыш-Прелюдия” стипендианттарын кошо). Чет өлкөлөрдө билим алышкан «Алтын шаты» стипендианттары музыканттардын дүйнөлүк конкурстарынын лауреаттары болушкан (Э.Атагельдиев жана К.Кошоева – пианисттер конкурсунун экинчи лауреаты: Г.Токтошева, Ч.Торобеков, А.Токталиев, А.Сыдыков, Ж.Раимбекова, А.Текенова). Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмерлер Т.Жакшылыков жана Э.Асанкуловалар Театр академиясынан (Кагли, Италия) окуудан өтүшкөн.

Кесиптик-техникалык окуу жайлар. 1920-ж. Түркстанда кесиптик билим берүү боюнча комитет түзүлгөн, ал эми 1921-ж. ар түрдүү тармактар боюнча курстар уюштурулду. Кыргызстанда мындай курстар Кызыл-Кыя жана Сүлүктү көмүр ишканаларында ачылган. Окуу мөөнөтү 4 жумадан 8 айга чейин созулган. 1923-ж. Кызыл-Кыя кенинде кесиптик-техникалык билим берүү системасында биринчи жолу фабрика-заводдук окуу (ФЗО) мектеби ачылган. 1930-ж. аягында ФЗО мектептери эл чарбасы үчүн кесипкөй кадрларды даярдоо суроо-талабын канааттандыра албагандыктан, 1942-ж. эмгек резервдерин даярдоо боюнча билим берүү системасы түзөлө баштаган (1942-ж. 15-апрели Кыргызстандагы кесиптик-техникалык билим берүү системасынын негизделген күнү деп эсептелинет).

Согуштан кийинки 1946-52-ж. эл чарбасынын тармактары үчүн эмгек резервин даярдоо боюнча окуу жайлары 165 миң квалификациялуу жаш ишкерлерди даярдашкан. 1948-ж. бул системада 28 окуу жай иш жүргүзгөн. 1959-ж. республиканын Эмгек резерви башкармалыгы Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча башкы башкармалык болуп кайра түзүлгөн. 1965-ж. 40ка жакын кесиптик-техникалык окуу жай болсо, аларда 13 миң адам 58 кесип боюнча билим алышкан. 10 жылдын аралыгында кесиптик-техникалык окуу жайларынын саны 30 га чейин көбөйсө, студенттердин саны үч эсе жогорулаган.

1980–90-ж. айыл жерлериндеги окуу жайларда механизаторлорду даярдоо олуттуу көбөйгөн. 1990-ж. башында 122 кесиптик-техникалык окуу жайда 60 миң окуучу 230 кесип боюнча билим алышкан.

 2001-ж. карата кесиптик-техникалык билим берүү системасында (1999-ж. тартып башталгыч кесиптик билим берүү) 115 окуу жай иш алып барган, анын ичинде 75 кесиптик лицей, 18 кесиптик-техникалык окуу жай. Өндүрүштүк билим берүүнүн мастерлерин даярдоо боюнча индустриалдык-педагогикалык техникум жана ишкерлерди даярдоочу окуу жай жогорку окуу жай макамы бар бирдиктүү борборго бириктирилди. Бюджеттик негиздеги 22 лицейде 125 кесип боюнча квалификациялуу жумушчулар даярдалды, келишимдик негизде 4 миңге жакын адам билим алды, ошондой эле бардык кесиптик окуу жайларда жумушсуздарды (болжолдуу түрдө жылына 8 миңге жакын) кайра даярдоо жүзөгө ашырылды. Шаарлардагы окуу жайларда көбүнчө устаканалар, ал эми айыл жерлеринде окуу чарбасы болгон. Аларда окугандар практикалык көндүмдөрдү алышып, коомчулук үчүн пайдалуу болгон продукцияларды чыгарышкан. 2000-ж. алардын продукцияларын сатуунун жана көрсөткөн ар түрдүү кызматтарынын натыйжасында окуу жайлар 25 млн. сом пайда табышкан. Бирок бул учурда пайда алуу максаты көздөлгөн эмес. Замандын талабына ылайык мурунтан бери окутулуп келе жаткан негизги кесиптерден тышкары жаңы кесиптер пайда болду. Мисалы, ишкер, соодагер, менеджер-референт, кеңсе менеджери, катчы-референт, мейманкана комплексинин кызматкери, эл аралык туристтик каттамдар боюнча гид, ЭЭМ жана оргтехниканын уста-механиги ж.б. Башталгыч кесиптик билим берүү системасында эмгек терапиясы программасы жүзөгө ашырылууда. Начар уккан жана начар көргөн майыптар Бишкек шаарындагы №18 кесиптик лицейде, 3-топтогу майыптар Канттагы №25 кесиптик лицейде билим алышууда.

Кесиптик-техникалык билим берүү системасына чет өлкөлүк жана эл аралык финансылык уюмдар чоң жардам көрсөтүп келишет. Бишкекте Кыргыз-түрк кыздар лицейлери ачылып, лицейде тигүүчүлүк, түрк жана англис тилдери үйрөтүлөт. Дүйнөлүк банк кесиптик-техникалык окуу жайларды колдоо үчүн 4,7 млн. доллар бөлгөн. Азия Өнүктүрүү Банкы, Германиялык техникалык кызматташтык коому (GIZ) жана башка чет өлкөлүк уюмдар кесиптик кызматташтыкты алып барышууда.

Кыргызстандын билим берүү түзүмүнүн калыптануу мезгилинде, ата мекендик билим берүүнүн өнүгүшүнө төмөндөгү мамлекеттик ишмерлер өз салымдарын кошушкан:

  • Касым Тыныстанов 1927-1930
  • Айтул Бабашалин 1930-1933, 1935-1936
  • Токчоро Джолдошев 1933-1935
  • Осмонкул Алиев 01.19.1937- 08.19.1937
  • К.Камбаров 19.08.1937-19.09.1937
  • Абдынасыр Елебасов 1939-1940
  • Муса Рыскулбеков 1043-1945
  • Болот Юнусалиев 1945-1951
  • Султан Токтогонов 1951-1955
  • Таштанбек Тургунов 1956-1962
  • Абдылда Каниметов 1962-1977
  • Аскар Турсунов 1978-1986
  • Жаныбек Шаршеналиев 1986-1988
  • Мукаш Базаркулов 1079-1991
  • Анарбек Бакаев 06.1991-11.1991
  • Чынара Жакыпова 1992-1993
  • Аскар Какеев 1993-1998
  • Советбек Токтомышев 1998-1999
  • Турсунбек Бекболотов 1999-2001
  • Камила Шаршекеева 2001-2002
  • Ишенгуль Болджурова 2002-2004, 2007-2009
  • Мустафа Кидибаев 2004-2005
  • Досбол Нур уулу 2005-2007
  • Каныбек Осмоналиев  2007-01.11.2007
  • Абдылда Мусаев 2009-2010
  • Канат Садыков 2010-2014
  • Эльвира Сариева 2014-2016